15-май күнү Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын Фрунзе жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде айрым жергиликтүү тургундар тарабынан Балыкчы-Ананьево-Каракол автокаттамын жабууга аракет көрүлгөн. Райондук укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында автожол жабылбай, автоунаалардын каттамы уланган.

Аталган фактыны териштирүү учурунда, автожолду жабууга аракетти көрүшкөн уюштуручулардын өздүктөрү аныкталды. Алар, ушул эле айылдын тургундары 48-жаштагы Р. Күлдыжан, 47-жаштагы М. Айнагүл, 46-жаштагы К. Бурул, 43-жаштагы М. Динара жана М. Сагидалар экендиктери такталып, милиция кызматкерлери тарабынан аларга карата Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 231-1 (Жолду мыйзамсыз тосуу) беренеси менен административдик протоколдор түзүлдү.

Ысык-Көл райондук соту чечими менен ар бирине 3000 сомдон айып салынды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.