УКМКин кызматкерлери психотроптук заттарды тараткан эки жаранды кармады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«20-апрелде УКМК тарабынан эл аралык кылмышкер тобунун баңгизат ташуу жана аларды Борбор Азиянын мамлекеттеринде сатуу каналы токтотулган», – деп билдирүүдө белгиленген.

Маалымат боюнча, атайын иш чаралардын багытында ИИМ Академиясынын экинчи курсунда окуган курсант жана Улуттук университетинин студенти кармалган.

Кармалган курсанттын жанында 1 килограмм спайс баңгизаты табылган. Анын “кара базардагы” баасы 3 млн сом болот. КР Жаза кодексинин 267 беренесине жараша алдын-ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан чек арадан контрабанданы өткөрүү үчүн беш жылдан жети жылга чейин эркинден ажыратылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.