Каракол шаарындагы борбордук “Ак-Тилек” базардын жанында жайгашкан “Айдин” кафесинен өрт чыкты. Бул боюнча ӨКМдин 15-өрт куткаруу бөлүгүнө 12:30 чамасында маалымат келип түшкөн.
Локациялык иштер 12:40тарда башталып, 13:45те кафенин айланасы куурчоого алынды. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери ашканадагы газ баллонго байланыштуу.
“Өрт кырсыгын өчүрүүгө 2 авто унаа, 12 адам тартылды. Андан сырткары ЖКККнын кызматкерлери коомдук тартипти, жолду тозууга көмөк көргөздү. Болжолдуу түрдө өрт газ баллондон чыгышын болжолдодук. Кырсыктын кесепетинен жакын жайгашкан чач тарачка да тийген. Жабыркагандар болгон жок”,- деди Адис Кыдыкбаев.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Поделиться:
Окшош жаңылыктар
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: