Каракол шаарынын “Кирпичный” кичи районунда 3 жашар бала Каракол-Суусуна агып каза тапты. Наристенин жансыз денеси ӨКМдин суучул куткаруу кызматы тарабынан изделип жарым сааттан соң Жолголот айылдына жакын арыктын жээгинен табылды. Бул тууралуу аталган кичи райондун тургуну Замира Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, наристенин 5 жашар агасы куткарууга аракет кылган. Бирок алы келбеген соң шар аккан чоң сууга агып кеткен. Кырсыктын алдын алууга буга чейин Каракол шаарынын мэриясына бир катар кайрылуу болгон, азыркыга чейин конкреттүү жооп келген эмес,-деди Оторбаева.

“Биз жашаган кичи райондун элинин атынан 2016-жылдан бери суунун жээгин бекемдөө, коорого атайын тосмо катары дубалдарды орнотууну суранганбыз. Акыркы жолу шаар башында турган мэр Адыл Каниметовго да кат киргизген элек. Ал жактан конкреттүү жооп болог элек, ойлонуп көрөбүз деген билдирүүнү алдык. Мунун жыйынтыгы жакшы эмес, бул суудан айрым учурда авария болгонун унааларды көрүп жүрөбүз. Эми ушул маселени тезинен чечип берүүнү суранабыз”,-деди Оторбаев

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.