Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарында өрт чыгып, жалпы 836 чарчы метр кийим-кече жана азык-түлүк товарлары күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымат боюнча, базардагы өрт 17-сентябрь күнү саат 22:35те контейнерден чыккан. Жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин 4 бөлүм тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында 18-сентябрь күнү саат 00:20да өрт чектөөгө алынып, өрт саат 02:10до толук өчүрүлгөн. Жалпы аянты 836 м2 өрттөнгөн (8 контейнер кийим-кече жана азык-түлүк товарлары). Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: