2019-жылдын 3-март күнү саат 12:10 чамасында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кирпичный айылынын тургундары дайынсыз жоголгондугу тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 1980-жылы туулган Ю.Г. жана жубайы 1978-жылы туулган Н.Р. аттуу жарандар 28-февралдан 1-мартка караган түнү саат 03:00 чамасында көлгө балык улоого чыгып кетишкен бойдон дайынсыз жоголгон.
3-март күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин куткаруучулары издөө иштерине тартылган. Издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 2019-жылдын 4-матр күнү саат 10:00дө издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМНин Каракол шаардык №15 АӨКБдан 6 куткаруучу, КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 20 куткаруучу, КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 31 куткаруучу жана РИИБден 2 кызматкер тартылган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: