Ысык-Көл облусунун эки районуна түнү менен кар жаады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Ысык-Көл районунун Тамчы айылдык аймагына, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң айылдык аймагына кар жааган. Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жаагандыгына байланыштуу, мал жандыктарга зыян келтирилген деген маалымат түшкөн.
Табигый кырсык болгон аймактарга Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргону комиссиясы, Ак-Суу районуна ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 10 куткаруучу жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: