Түштүк Эңилчекте кулаган тик учактан жабыркагандар Бишкеке Башкы штабтын экинчи тик учагы менен келишти. Бул тууралуу Башкы штабтын басма сөз кызматы билдирет.

Жабыркагандардын абалы стабилдүү. Бишкеке келгенден кийин алар баш калаанын ооруканаларына жайгашылган.

«Куткаруучу иштерине Казакстандын ички иштер министлигинин озгөчө кырдаалдар департаментинин тик учагы жардам берет», – деп басма сөз кызматы белгиледи.

Эскертсек, куралдуу күчтөрдүн Ми-8 тик учагы альпинисттерди куткарганы барып, катуу шамалдан сол тарабына кулаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.