2024-жылдын апрель-май айларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады.
Жалпысынан республика боюнча 33 ирригациялык объектиге залал келтирилип, эсеп менен алынганда 13,6 млн.сомдук зыян алып келген.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жеринде кыйроолорго учураган объектилерде биринчи кезектеги калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, сугат суу берүү жандандырылууда.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.