Pegasus авикомпаниясынын Boeing 737-800 учагы “Манас” аэропортунан учуп кете албай койду. Жерден бир метрге көтөрүлгөндөн кийин кайрадан отургузулду.

Маалымат боюнча, учак 07:05те Стамбулду көздөй учмак. Бирок, техникалык кемчилик үчүн кайра конду.

Аэропорттун басма сөз кызматы маалымдагандай, рейс 18:30га жылдырылды.  Авикомпаниянын кардарларынын жарымы башка компаниялар аркылуу жөнөтүлдү, калгандарына мейманкана берилип, кийинки рейстер менен учуп кеткенге мүмкүн берилди.

Күбөлөр учактын канаты түтүндөдү деген маалыматын авикомпания тастыктаган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.