Туркиянын Измир шаарында 17-мартта белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун унаасын аткылаган. Унаада отурган Кыргызстандык жаран жабыркаган. Маалыматты Тышки иштер министрлиги тастыктады.
Кылмыш боюнча туркиялык прокуратура иш козгоду.
“Дарыгерлер жабыркаган кызга операция жасап, реанимация бөлүмүнө жаткырылганын билдирди. Ошондой эле абалы туруктуу экенин маалымдады. Башкы консулдук маселени өз көзөмөлүнө алды”, – деп министрликте айтышты.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: