2019-жылдын 29-апрелинде УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура»МИ бөлүм башчысы, К.М. $1,5 миң. өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу ведомствовнун басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын $2 миң 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.