КР УКМК Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 млн.сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, мамлекеттик сатып алуу тартиптерин “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери КР мыйзамын бузуп, бюджеттик каражаттары үнөмсүз колдонулган.

Жыйынтыгында, башка катышуучулардын сунуштары жана жарым-вагондорду 35 миң АКШ доллар баасында жеткирүүнү сунуштаган, базардатемир-жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводордун сунуштары тендердик комиссия тарабынан четке кагылып, тендердин жеңүүчүсү болуп жарым-вагондорду 41 миң АКШ доллар баасында сунуштаган, чыгашалуу ортомчу компания табылган.

Муну менен бирге, тендердик комиссия тарабынан техникалык өзгөчөлүктөр талабы да каралган эмес, мисалы “12-132” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88м3 болгон жарым-вагондун ордуна, “12-9796” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 78м3 болгон жарым-вагон сатылып алынган.

Натыйжада “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери аталган келишимди түзүүдөн мамлекеттик бюджетке 69 млн сомдон ашык зыян келтиришкен.

Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин тарабынан аталган темир-жол жарым-вагондорун сатып алууда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттик эсепке түшкөн акча каражаттары колдонулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.