УКМК тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасынын алкагында (жыйынтыгында) Кыргызстан аркылуу транзиттик жол менен чет элдик жарандарды ташыган каналдар табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

ИИМ жана Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылар аныкталып, алардын ишине бөгөт коюлду.

2019-жылдын март айларында«Манас-аэропорту»көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкери МЧК прапорщиги «М.Д.» Иран мамлекетинин 6 жаранынын паспортун тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) базасына мыйзамсыз каттап, 900 АКШ доллар өлчөмүндө акча алып, алардын документтерине КР аймагына киргендиги тууралуу жасалма мөөр басып берген.

УКМК чогултулткан материалдардын негизинде, Аскер прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 27-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 329 (кызматтык жасалмачылык) жана 329-беренесинде (пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардынбирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.