2019-жылдын 24-майында КР УКМК тарабынан Бишкек шаарында пара алып жаткан учурунда Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук башкармалыгынын кызматкери О.М. кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам ыктыярдуу патентти кайра каттоо маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-п.боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМК тергөө кармоочу жайына киргизилди. Азыркы убакты тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.