УКМКин Коррупцияга каршы кызматы тарабынан 2019-жылдын 2-май күнү Социалдык фонддун Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А. 12 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөнө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган.

Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган. Ага карабастан кармалган К.А. арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган.

Пара талап кылуу фактысы боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүнө жараша кылмыш иши козголгон. 

Кармалган адам КР УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.