Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда массалык уулануудан 12 адам райондук ооруканага түштү. Калган 14 жашоочуга амбулатордук жардам көргөзүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу саламттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак массалык уулану Боз-Учук айыл өкмөтүнүн Энчилеш айылында кыз узаатуу тоюнан кийин катталган. Анда 8-июнда кызын Жалал-Абадга турмушка узаткан үй ээси эртеси, 9-июнда саат 16:00 чамасында кошуналарына Бишкектен бышырылып келген эттен ооз тийгизген. Окуя 10-июнга караган түнү болуп, акыркы тактоо иштеринен соӊ, жалпы 26 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Каракол шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысынын орун басары Гүлүшкан Тайлакова билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгы менен 1 жашка чейинки 2 наристе, 14 жашка чейинки 5 өспүрүм калгандары чоӊ адамдар.

«Ак-Суу райондук санэпид көзөмөл бөлүмүнө 10-июнда кайрылуу келип түшкөн. Тез арада бригада түзүлуп, стационардык жана амбулатордук иш алып барган. Анын алкагында тойдон кийинки жасалган тамак, салат, боорсок болгон. Анын ичинен биздин кызматчы топ 5 үй-бүлөдөн эттин үлүшү алынды. Азырынча так кесе айта албайбыз. Ошентсе да Бишкектен бышырылып келген эт туура жерде сакталган эмес. Так жыйынтык 3 күндөн 1 айга чейин чыгарылат»,- деди Тайлакова.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.