Каракол шаарындагы №5 мектепте билим алган Д.А аттуу окуучунун өлүмү боюнча Каракол ШИИБ тарабынан КР кылмыш жаза кодексинин 130-берененин, 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Алдынала жыйынтык, маркум киши колдуу болуп көз жумган. Ага шектүү катары 8 бала кармалды. ОИИБ басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтмымында кылмышка шектүүлөрдүн бешөө №5 мектепте окууганы, экөө №15 мектепте билим алгандыгы жана бирөө эч жерде окуп, иштебегени аныкталды. Алар убактылуу кармоочу жайга алынып, милиция тарабынан тергелүүдө.

«Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну Д.А нын киши колдуу болуп көз жумгандыгы боюнча кылмышка шектүүлөр кечээ 12-февралда кечке маал кармалышты. Азыркы тапта териштирүү иштери жүргүзүлуп, башкоргоо чарасы боюнча Каракол шаардык соту чечим чыгарылат. Тергөөдө алдынала жыйынтык 8 бала теӊ күнөөлөрүн моюнга алды. Көрсөтмөдө шектүүнүн бири маркум менен өткөн жылдын декабрь айында телефон тартып алуу боюнча конфликт болуп, бул окуя андагы ызадан келип чыкканы айтылды», – деди Усубакунов.

Эске сала кетсек, Каракол шаарынын 18 жаштагы мектеп бүтүрүүчүсү февралдын 11-нен 12-не караган түнү киши колдуу болуп көз жумган. Бул боюнча 12-февралда таӊга маал милицияга кабар келип түшкөн. Маркумдун жансыз денеси тиешелүү экспертизадан өткөрүлдү

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.