Кечээ, 29-май күнү саат 18:00 чамасында Каракол шаардык муниципалдык пляжына өспүрүм чөккөнү ӨКМ дин №15 өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгүнө маалым болгон.

Окуя болгон жерге жалпы 11 кишиден турган суучул куткаруу тобу барып, жансыз денени 5-6 метр тереңдиктен алып чыгышкан. Маалыматка ылайык, көлгө маркум жана дагы 3 классташы барган. Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери соттук медициналык экспертиза дайындады.

“Биздин өрт куткаруу бөлүккө Каракол ШИИБден маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге суучул куткаруучулар барып, издөө иштерин жүргүздү. Эки сааттан кийин жансыз дене табылды. Биздин билишибизче көз жумган бала сууда сүзгөндү билген. Ал көлдүн аркы бетиндеги жээкке сүзүп барып, кайра бири чабак уруп келе жатып жээкке 5-6 метр калганда аралчага кирип кетиптир”,- деди ӨКМдин Ысык-Көлдөгү башкармалыгынан Т.Мурашев.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын башынан бери 4 адам көлгө чөгүп, 1 сөөгү табылган эмес.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.