Ысык-Көл районунун Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 84-чакырымында авто кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге райондук ЖКККсынын ыкчам тобу барып маркумдардын жана жаракат алгандардын өздүгүн такталган. Жаңы жагдайлар менен райондук жол көзөмөлдөө бөлүмчөнүн башчысы Тимур Кадыров кабарлады.
 
Ал кырсыкка Бишкектен Караколду көздөй бара жаткан “Фольксваген-Гольф-3” унаасынын айдоочусу эреже бузуп, Чүй облусунун айдоочусу “Тойота-Ист” менен кагылышканын билдирди. Жыйынтыгында Бостери айылынын тургуну жана 2 уулу, 1 жүргүнчү аял көз жумган. Ал эми “Тойота-Ист” унаасынан айдоочунун жубайы оор жаракат алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө кошумча 2 жүргүнчү хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
 
“Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар да дайындалып, тергөөчүлөргө өткөрүлүп берилди”,-деди Кадыров.
 
Белгилей кетсек, жол кырсыгы бүгүн, 5-апрелде саат 00.30 чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын жанында катталган. Азыркы тапта бейтапканада жаткандардын абалы оор.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.