2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Финансы министри Руслан Суйналиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен биргеликте иш күнүн өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр 2026-жылдын 22-майына карата республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 27 млрд сом каралганын маалымдады. Анын ичинен 25 млрд сом каржыланып, аткаруу деңгээли 90,4 пайызды түзгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу каржылоо механизминин алкагында каралган 30 млрд сомдун ичинен 22 млрд сому багытталды.

Бул каражаттар курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 300 объектке бөлүнгөн. Алардын катарына социалдык, инфратүзүмдүк жана стратегиялык маанидеги объекттер кирет.

2026-жылдагы артыкчылыктуу багыттардын бири билим берүү тармагындагы инфратүзүмдү өнүктүрүү болуп саналат. Анын алкагында 36 мектептин курулушу пландалган: 20сы Бишкекте, 10у Ошто жана 6сы Манаста салынат.

Ошондой эле министр Бишкектеги жаңы Ош базарына жана Батыш автобекетине алып баруучу жолдордун, «Бишкек — Манас» эл аралык аэропорту трассасындагы транспорттук түйүндүн, ошондой эле ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы айланма жолдун курулушу уланып жатканын белгиледи.

Негизги долбоорлордун катарында Ысык-Көл облусундагы Барскоон — Бедел унаа жолунун курулушу да бар.

Сөзүнүн соңунда Руслан Суйналиев 2027-жылы инвестициялык саясат өлкө аймактарынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылган стратегиялык маанидеги социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду мындан ары да каржылоого багытталарын айтты.

Маалымат булагы – КРФМ

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.