Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу А. Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунда коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме-семинар болуп өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү башкы башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ташыбек уулу Нурсултан өткөрдү. Семинарга окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу, мыйзам талаптарын сактоо, кызматтык этика жана коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик маселелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле катышуучулар суроолорун берип, сунуш-пикирлерин билдиришти. Бардык кайрылууларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын өкүлү экзамендик комиссиянын ишине катышып, экзамендердин өткөрүлүү процессине байкоо жүргүздү.
Өзгөчө көңүл ачык-айкындуулукту, калыстыкты жана мыйзамдуулукту камсыздоого бурулду. Абитуриенттерди кабыл алуудагы коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу маселелери да талкууланып, алдыдагы окуу жылында кабыл алуу комиссиясынын ишин мыйзам талаптарына ылайык жана ачык-айкын жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Өткөрүлгөн иш-чара коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, мыйзамдуулукту чыңдоого жана билим берүү тармагында ачык-айкын башкаруу принциптерин өнүктүрүүгө багытталды.
Маалымат булагы КРФМ
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: