Административдик аймактык реформа Эстониянын мисалында
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын уюштуруусу менен Агенттиктин директору У.К. Карыпбеков, директордун орун басары М.К. Байдылдаевдин катышуусунда «Эстониянын мисалында административдик реформага даярдык көрүү жана аны ишке ашыруу беш жылдан кийин — азыркы кырдаал.» аталышындагы семинар болуп өттү.
Иш чарага КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу жана «Өнүктүрүү саясат институту» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, ошондой эле Агенттиктин кызматкерлери катышышты.
Семинарда Эстониянын ЖӨБ органдарынын (волости) жана Өз алдынча башкаруу союздарынын аткаруучу директору Вейкко Лухалaид мырза менен эксперт Вяйно Тыэметс мырза тарабынан презентация жасалды.
Семинардын максаты, Эстониянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери, анын ичинде административдик-аймактык реформа (ААР) маселелери боюнча тажрыйбасын алуу болуп саналат.
Презентация учурунда Эстониянын мамлекеттик башкаруу системасы, анын ичинде ААР тууралуу маалымат берилди.
Эстонияда буга чейин 213 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, реформадан кийин алардын саны 79 түзөт.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.