2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Баткен облусунун Баткен шаарында Жергиликтүү маанидеги маселелерди, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы “2023-2025-жылдарда Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу” № 17 Жарлыгын, кадр маселелерине байланыштуу суроолорду жана аттестациялоону жүргүзүүнү талкуулоо боюнча кереге-кеңеш уюштурулду.

Иш-чарага, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Усеналиева Бактыгуль Сыртбаевна, Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Тургунбаев Зарлык Тургунбаевич,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен обулсундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ураимов Алихан Ураимович жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдер, мамлекеттик органдардын жетекчилери, шаарлардын мэрлери жана аппарат жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылары, жергиликтүү кенештердин төрагалары жана жооптуу катчылары катышты.

Кереге-кеңештин жүрүшүндө жергиликтүү маанидеги маселелер, көйгөйлөр, “Санарип аймак” тутуму, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” № 2 жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана аларды иштөөсү жөнүндө” № 521 жарлыгы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн, ротациялоонун, класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле, катышуучуларга Агенттиктик кызматкерлери тарабынан Баткен облусундагы кадр маселери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча маалымат айтылып, катышуучулар кызыктырган суроолорун ортого салып, аны талкуулаганга мүмкүнчүлүк алды. Жыйынтыгында мамлелекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тарабынан жогоруда аталган маселелер боюнча өздөрүнүн көйгөйлөрү айтылып, сунуштары берилди.

The post Агенттик Баткен обулусунда кереге-кеңеш уюштурду first appeared on Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.