2025-жылдын 21-майынан 23-майына чейин Кыргыз Республикасынын Борборунда “КМШ региону Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолунда” темасында КМШ өлкөлөрүнүн статистикалык кызматтарынын адистеринин регионалдык Кеңешмеси өтөт. Иш-чара КМШнын статистикалык комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен биргеликте уюштурулуп, Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын статистикалык ведомстволорунун өкүлдөрүн бириктирди. Кеңешмеге ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын делегаттары жана ЮНФПА, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО, БУУ-Аялдар, ФАО, ЭЭУ, ЮНИДО, ЭСКАТО жана башка эл аралык уюмдардын эксперттери катышат.
 
Талкуунун борборунда — 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү жаатында БУУнун Күн тартибин ишке ашыруу контекстинде Улуттук статистикалык системаларды өркүндөтүү маселелери турат. Маалыматтардын альтернативдүү булактарын, заманбап МТ – чечимдерин, жасалма интеллекттин технологияларын пайдалануу, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу сыяктуу инновациялык ыкмаларды киргизүүгө өзгөчө көңүлбурулат.
 
Кеңешме мамлекеттик органдардын, эл аралык түзүмдөрдүн жана эксперттик коомчулуктун ортосундагы диалог үчүн натыйжалуу платформа болуп калды.Катышуучулар негизделген мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) жетишүүдө ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыз кылууда статистиканын негизги ролун баса белгилешти.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө региондогу өлкөлөрдүн ийгиликтүү тажрыйбалары көрсөтүлүп, азыркы кыйынчылыктар жана аларды жоюунун жолдору талкууланды. Статистика чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана тажрыйба алмашуу жөнүндөмакулдашылды.
 
       Жолугушуунун программасы тематикалык сессияларды камтыйт:   
 
• КМШ өлкөлөрүндө ТӨМ боюнча мониторинг жүргүзүү жана маалыматтарды жайылтуу тажрыйбасы менен алмашуу;
• альтернативдүү жана чоң маалыматтарды, анын ичинде спутниктик технологияларды жана ИИ;
• статистикалык инфраструктураны жана кадрдык потенциалды өнүктүрүү;
• жакырчылык, жумуштуулук, балдардын эмгеги жана башка социалдык көрсөткүчтөр сыяктуу көрсөткүчтөрдү өлчөө методологиясын өркүндөтүү.

 

Источник – Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.