Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Карыпбеков Улан Кадырсултановичтин тапшырмасы менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” №85 Жарлыгын ишке ашырууда Нарын облусундагы административдик аймактык реформанын (ААР) уюштуруу иштерин жургүзүүдө, кадрдык маселелерде коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кенешинин мүчөлөрү менен бирдикте, облустун ар бир районунда (Нарын, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор) макулдашуу комиссияларынын иштерине мониторинг жүргүзүлдү.
Иш алып барууда кайрадан дайындалган айыл өкмөт башчылары, мунипалдык кызматкерлер жана ошондой эле кыскарууга дуушар болгон жарандар менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Мониторинг жүргүзүүгө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин коррупцияга каршы ыйгарым укуктуу Б. Жээнбаев Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Нарын облусу боюнча кызматкери Н. Асанбеков баштаган кызматкерлери, Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Б. Эгембердиев катышты.

Источник – Государственное агентство по делам государственной службы и местного самоуправления при Кабинете Министров Кыргызской Республики

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.