Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы токтомуна ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматына караштуу 5 бассейндик башкармалык түзүлөт. Суу ресурстарын пайдаланууну башкарууда бассейндик ыкманы киргизүү максатында Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү түзүү боюнча токтом кылат: 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Талас суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси; 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Ысык-Көл-Тарим суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси; 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Нарын-Сыр-Дарыя суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси;

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы алдындагы “Кара-Дарыя-Сыр-Дарыя-Аму-Дарыя” суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси. 

Бассейндик башкармалыктарды түзүү боюнча Министрлик иш алып барат, ал эми токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлөт.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.