Мамлекет башчылары Москвада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда жогорку экономикалык кеңештин пленардык отурумунда сөз сүйлөштү

КР Президенти Садыр Жапаровдун айтымында, Кыргызстан ЕАЭБде бизнес-омбудсмен институтун түзүүнү жактайт, ал ЕАЭБ рыногунда пайда болгон тоскоолдуктарды азайтып, бизнестин кызыкчылыгын коргойт.
С. Жапаров биздин биримдикте ар бир адам өзүн өз үйүндөй сезиши керектигин белгиледи.
Президент тоскоолдуктарды четтетүү жагында ЕЭКтин (Евразия экономикалык комиссиясынын) жана ЕАЭБ сотунун ролун күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысы ЕАЭБ экономикалык өнүгүүнүн өз алдынча жана өзүн-өзү камсыз кылуучу уюлуна айланарын баса белгиледи.
С. Жапаров ЕАЭБди өнүктүрүүнүн улуттар үстүндөгү институтун түзүү зарыл деп эсептейт. КР президенти мындай деди:”Евразиялык рейтинг агенттигин түзүү ишкердик субъекттери туш болгон чектөөлөрдү четтетүү менен бирге (Биримдиктин ички рыногунда да) евразиялык аймактагы өлкөлөрдүн финансылык көз карандысыздыгынын деңгээлин жогорулатууга жана инвестициялык ишмердүүлүктү активдештирүүгө мүмкүндүк бермек”

Россиянын президенти Владимир Путиндин жогорку экономикалык кеңештин пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн:

  • Форум үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
  • Чиновниктердин, ишкерлердин кеңири курамы биздин бирикменин ролу өсүп жатканын айтууда.
  • Глобалдык аренада фундаменталдуу өзгөрүүлөр болуп жатат: көбүрөөк мамлекеттер өздөрүнүн өнүгүү моделин карманышат.
  • Россия биримдиктин артыкчылыктуу милдети – биздин мамлекеттердин технологиялык көз карандысыздыгын көрөт.
  • БРИКС, ШКУ алкагында өнөктөштүк байланыштар тармагын кеңейтүү зарыл.
  • Биз чынчыл мамиледе болууга кызыкдарбыз.
  • ЕврАзЭСтин ичинде биздин өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жатат.
  • Россия өзүнө алган милдеттенмелерин ак ниеттүүлүк менен жана толук көлөмдө аткарат.
  • Жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн илимий жана билим берүү программаларын жакындаштыруу зарыл. Билим берүү стандарттарын унификациялоо, ошондой эле көз карандысыз Евразиялык илим сыйымдуу системаларды жана китепканаларды иштеп чыгуу талап кылынат.
  • Транспорт жана логистика тармагына чоң маани берилет.
  • Улуттук валюталарга өтүү эсептешүүлөрдүн гана эмес, бүтүндөй экономиканын коопсуздугун жогорулатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.