Мамлекеттик, муниципалдык кызмат чөйрөсүндө Түштүк Корея менен Кыргыз Республикасынын кызматташуусунун жаңы баскычтарына жол ачылды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Корея Республикасынын Персоналды башкаруу боюнча министрлигинин ортосунда мамлекеттик жарандык кызматта адам ресурстарын башкаруу жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Түштүк Кореянын Персоналды башкаруу боюнча министрлиги ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга онлайн-кол коюу аземи болду. Аталган Меморандум аркылуу эки өлкөнүн мамлекеттик, муниципалдык кызматтарында жана санариптештирүү маселелеринде тажырыйба алмашуу, кызматчыларды окутуу боюнча кызматташуу жаңы баскычка чыкты.
Онлайн аземге Кыргыз Республикасы тарабынан Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Джантаев Эльчибек Нуржадыевич,Түштүк Корея мамлекетинин Персоналды башкаруу боюнча министри -Ким Сын Хо мырза жана эки өлкөнүн аталган мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Өз сөзүндө Агенттиктин директору Э.Н. Джантаев төмөнкүлөргө токтолду: “Бул өз ара түшүнүшүү Меморандуму биздин эки өлкөнүн ортосундагы бекем байланыштын жана мамлекеттик кызмат секторундагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө болгон милдеттенмебиздин далили болуп саналат”.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Персоналды башкаруу министри Ким Сын Хо мырза төмөнкүлөрдү белгиледи: “Корея Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун түзүлүшү адам ресурстарын башкаруу жаатында мындан аркы кызматташтыктын негизин түзөт, ошондой эле башка тиешелүү тармактардагы кызматташтыктын бекемделишине алып келет”.
Онлайн аземдин аягында, Түштүк Кореянын Персоналды башкаруу боюнча министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Квантак Нам, Агенттиктин эл аралык мамилелер жана окутуу бөлүмүнүн башчысы М. Исраиловдор кортунду сөз сүйлөштү.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: