Чүй облусундагы Маевка айылынындагы таштандыдан 4-5 ай болгон желим баштыкка салынган ымыркайдын денеси табылган. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
“4-март күнү саат 20:50 чамасында Аламүдүн райондук милициясына ымыркайдын өлүгү табылганы боюнча маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге келгенде каналдын жанындагы таштандыдан 4-5 ай болгон түйүлдүк-кыздын желим баштыкка салынган денеси табылган”, — деп белгиленген.
Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. Аталган факты Жоруктар жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: