КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Дамир уулу Максат Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Максат Дамир уулу 1985-жылдын 20-декабрында туулган. Жогорку билимди Кыргыз агрардык университетинен алган. Япония жана АКШдан окуп келген. Эл аралык жана кыргызстандык компанияларда эмгектенген.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: