Бугүн, 26-сентябрда экс-вице-премьер-министр Токон Мамытовду Жогорку Кеңештин депутаттары КР акыйкатчы кызматына шайлашты.

Мамытовду 79 депутат колдоду. Андан сырткары, акыйкатчынын кызматына Маматурайим Момунов, Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев жана Канатбек Азиз талабын коюшкан.

Эскертсек, Токон Мамытов 1981-1992-жылдары Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик коопсуздук комитетинде иштеген. Ошондой эле Мамытов Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси, ЖК депутаты, Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү, коопсуздук боюнча вице-премьер-министр, Кыргызалтындын төрагасы болгон. 2016-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстандын элдеринин Ассамблеясынын төрагасы болур дайындалган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.