2024-жылдын июль айында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Түрк элчилигинин жана “TURKISH AIRLANES” авиалиниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болгон. Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынан Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарына чейинки айыл чарба товарларын ташуу боюнча макулдашууга кол коюуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
Ага ылайык, Кытайга “TURKISH AIRLANES” түрк авиалиниясы менен айыл чарба товарларын (жүктөрдү) жумасына 300 тоннага чейин ташуу маселеси көтөрүлүп, ташыла турган товарлардын 1 килограмм баасын 6-7 доллардан 1,5 долларга төмөндөтүү каралган.
Натыйжада, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде Министрлик 2024-жылдын сентябрь айында жогорудагы макулдашууга кол коюлгандыгын билдирет.
Негизги максат – айыл чарба товарларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу болуп саналат. Буга байланыштуу Министрлик Ата Мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспортерлорду айыл чарбасын активдүү өнүктүрүүгө, республиканын экспорттук потенциалын көтөрүүгө чакырат.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.