Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги республикада быйылкы жылдын февраль айына карата Гидрометеорологиялык кызматтын маалыматына ылайык, Баткен, Ош облустарында абанын температурасы 10-15 градуска чейин жогорулап, Жалал-Абад облусунда 8 градуска чейин көтөрүлүшү жөнүндө маалымдайт. Жаздын эрте келишине байланыштуу жазгы талаа жумуштарын өз убагында сапаттуу аткарууну жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу максатында облустук жана райондук деңгээлдеги мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин аймактарда атайын штабдарды түзүүнү жана агроөнөр жайын  өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууну, үзгүлтүксүз аткаруу боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдарга сунуштайт.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.