2023-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги KOICA уюму менен биргеликте “Ири мүйүздүү малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу потенциалын жогорулатуу” долбоорунун протоколуна кол коюшту.

Жыйынга Айыл чарба министри А. Джаныбеков, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вун Джэ, Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун жана KOICA уюмунун директору катышты.

Аталган долбоор KOICA уюму жана Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту менен биргеликте ишке ашырылат.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.