Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө чийки камыш кантын пошлинасыз ташып келүү түрүндөгү тарифтик жеңилдиктерди берүү чечимин 2023-жылдын 30 март айында өткөн кеңешинде кабыл алды.

Беларусь Республикасына 100 миң тоннадан ашык эмес өлчөмдө, Казакстан Республикасына – 350 миң тоннадан ашык эмес өлчөмдө, Кыргыз Республикасына – 50 миң тоннадан ашык эмес өлчөмдө импорттолгон кант , ал эми Россия Федерациясына – 100 миң тоннадан ашык эмес өлчөмдө.

Чечим ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2023-жылга карата канттын индикативдик баланстарын эске алуу менен кабыл алынды.  Бекитилген тарифтик жеңилдик кант өнөр жайынын ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана Биримдик өлкөлөрүнүн ишканаларын сырье менен камсыз кылууга багытталган.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.