Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы «Кыргыз Агрохолдинг» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери үчүн жеке тамактануу рациондору даярдалып, жеткирилүүдө.
2026-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан жалпы 41 миң 300 жеке тамактануу рационуна буйрутма берилген. Рациондорду даярдоодо ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын колдонууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Белгилей кетсек, жеке тамактануу рациондорунун курамындагы продукциялардын 90 пайызы Кыргызстандын аймагында өндүрүлөт. Бул жергиликтүү айыл чарба жана кайра иштетүү тармагындагы өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияга болгон суроо-талапты жогорулатууга жана ички өндүрүштү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Министрлик тарабынан ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, жергиликтүү продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана мамлекеттик мекемелерди сапаттуу жергиликтүү азык-түлүк продукциялары менен камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.
Маалымат булагы egov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: