Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жогорку темпте уланууда. Өлкө боюнча негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өстү.
Республика боюнча 562,6 миң гектар дан эгини жыйналып, жалпы аянттын 91,1 пайызын түздү. Жалпысынан 1 млн 937,6 миң тонна дан жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 29,8 ц/га болду. Дан өндүрүүдө Чүй облусу 699,4 миң тонна менен алдыда.
Жашылча өсүмдүктөрү 43,7 миң гектар аянттан жыйналып, дүң жыйым 757,2 миң тоннаны түздү. Картошкадан 671,8 миң тонна түшүм алынып, орточо түшүмдүүлүк 162,0 ц/га болду. Картошка өндүрүүдө Ысык-Көл облусу 257,2 миң тонна менен жогорку көрсөткүчкө жетти.
Бахча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 86 пайызга аткарылып, 211,1 миң тонна продукция жыйналды. Ал эми өлкөнүн түштүк аймактарында пахта жыйноо иштери уланууда. Учурда 3,0 миң тонна пахта жыйналды. Май өсүмдүктөрү боюнча дүң жыйым 8,7 миң тоннаны түздү.
Мындан тышкары, Чүй облусунда кант кызылчасын казып алуу иштери башталды. Министрлик тарабынан түшүмдү өз убагында жана сапаттуу жыйнап алуу, ошондой эле жыйноо иштерин жоготуусуз жүргүзүү боюнча тиешелүү иштер улантылууда.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: