Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан уруксат берүүчү жана башка документтерди берүүнүн тартиби жөнүндө” № 257 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы (мындан ары – БТМС) аркылуу ЕАЭБдин форма 1, 2, 3, 4 жана форма 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g ветеринардык сертификат документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүүчү орган болуп саналат.
2023-жылдын 1-сентябрынан тартып электрондук ветеринардык сертификаттарды берүү функционалы пайдаланууга киргизилген. Бүгүнкү күндө биринчи этап менен Ветеринардык кызматтын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге жаныбарлардан алынган азыктарды жана тирүү жаныбарларды экспорттоого форма 1, 2, 3 ветеринардык сертификаттары берилүүдө.
2023-жылдын 22-сентябрына карата “Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасы аркылуу 182 ветеринардык сертификат берилди.
Биринчи этапта арызды тариздөөнүн бардык жол-жоболору жана ветеринардык сертификаттарды алуу БТМС аркылуу ишке ашырылды.
Экинчи этапта “Бирдиктүү терезе” МС аркылуу үчүнчү өлкөлөргө 5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формасындагы ветеринардык сертификаттарды берүүнү ишке ашыруу пландаштырылууда.
Source – https://agro.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: