Бүгүнкү күндө дыйкандардын негизги максаты – максималдуу киреше алуу. Өстүрүлүп жаткан айыл чарба өсүмдүгүнүн сапатын жана түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун эӊ эффективдүү жолдорунун бири болуп минералдык жер семирткичтерди колдонуу болуп саналат. Ошондуктан айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү минералдык жер семирткичтерди колдонууну тандашат.
Республикада минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводдордун жоктугуна байланыштуу, минералдык жер семирткичтер коңшу мамлекеттерден ата мекендик жеке компаниялар тарабынан ташылып келинет.
Минералдык жер семирткичтердин импортунун жалпы көлөмү боюнча ташып келүүнүн негизги бөлүгү Өзбекстан Республикасы, андан кийин Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы түзөт. Бүгүнкү күндөгү маалыматтарга таянсак, Өзбекстан Республикасында минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводдор жетиштүү көлөмдө чыгарбай жаткандыгы байланыштуу жер семирткичтердин тартыштыгы жаралуусу мүмкүн.
Ошол себептен, учурдагы абалды эске алуу менен, минералдык жер семирткичтердин жетишсиздигин, ага альтернативдик вариант – органикалык жана органо-минералдык жер семирткичтерди колдонууну дыйкан-фермерлерге сунуш кылабыз.
Органикалык жер семирткичтерден чириген кык, чым (торф), ар түрдүү компост жана биогумустар ж.б., ал эми органо – минералдык жер семирткичтерден Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген, мамлекеттик каттодон өткөн 200 дөн ашык ар кандай препаративдик формадагы органо – минералдык жер семирткичтерди белгилеп кетмекчибиз.
Source – https://agro.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: