Раматов Мурат Садинович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Раматов К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «экология жана жаратылышты пайдалануу» адистигин аяктаган. Мындын сырткары, Бишкек гуманитардык университетинин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистигин бүтүргөн.

Айыл чарба тармагында 2000-жылдан бери эмгектенип келет.

2021-жылы май айында Ош облусунун Өзгөн районунун акими болгон. 

Мурат Раматов 2022-жылдын июнь айынан 2022-жылдын сентябрына чейин «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Региондорду өнүктүрүү жана каржылоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

2022-жылдын 19-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.