Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо жагы каралган:

– Мамлекеттик Материалдык резервдер Фондусу  аркылуу сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн болбогон, илешкектиги (клейковинасы)  23% кем эмес  40,0 миң  тонна аштык буудайды сатып алуу;

– Министрлик  тарабынан 40,0 миң  тонна  көлөмдөгү  аштык буудайдын квотасын облустарга,  ал эми облустар райондорго бөлүштүрүп берилген;

– Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы  клейковинсы  23 %  төмөн эмес  1 кг  аштык буудайдын  сатып алуу баасын 23,0 сомдон  бекитип берген.

Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жана коромжусуз сапаттуу оруп жыйноону уюштуруу боюнча түзүлгөн штабдар баардык облустарда жана райондордо иштеп жатышат.

Жер-жерлерде дан оруп жыйноочу комбайндардын маршруттары аныкталып, түшүмдүн оруп жыйноо графиги иштелип чыгылып, республиканын башка региондорунан дан оруп жыйноочу комбайндарды тартуу боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө.

Айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана КММ менен камсыздалышы. Оруп жыйноо үчүн учурдагы айыл чарба техникаларын даярдоо аяктоодо. Отчеттук датага карата республика боюнча 1944 – комбайндын ичинен 1551 – даанасы же 80,0% даярдалган. Ошол эле учурда, Чүй, Ош облустарынын чарбаларында комбайндардын 94-90 % ,  иштөөгө даяр, ал эми Жалал-Абад облусунда 88% даяр болсо, Баткен, Талас облустарында-75 %, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 57-61 % даярдалган.

Учурда республика боюнча кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноодо 765 даана комбайн иштеп жатат. Бул көрсөткүч былтыркы жылы 644 даана комбайнды түзгөн. Башка региондордон тартылган комбайндар 68 даананы түзөт.

Республиканын баардык облустарында дан эгиндеринин сактоочу жайларын даярдоо иштери жүрүп жатат.

Республика боюнча 141 МТС уюшулган, 53 муниципалдык  жана 88 жеке жактарга таандык, алардын карамагында 2000 ашык ар-кандай үлгүдөгү айыл чарба техникалары бар. 2023-жылы 16 МТС уюшулду.

Республиканын нефтетрейдерлердин берген маалыматына ылайык, дыйкан-фермерлердин күйүүчү майлоочу майларга болгон керектөөсүн өз убагында касыз кылуу боюнча баардык нефтебазаларда жана май куюучу станцияларында керектүү көлөмдөгү запасы бар.

Мындан сырткары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан дизельдик отунду базар баасынан төмөн баада үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында “Red Petroleum” компаниясынын ортосунда дизелдик отун сатып алуу боюнча келишимдин негизинде  республика боюнча 3,0 млн литр дизель отунун дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада 65 сомдон берилип жатат.

Учурда республиканын түштүк аймактарынын чарбакер субьектилеринде, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында кылкандуу дан эгиндерин  оруп жыйноо иштери кызуу жүрүп жатат. Ал эми, Ысык-Көл облусунда оруп жыйноо иштери август айынын биринчи декадасында, Нарын облусунда –августун экинчи декадасында башталышы күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин  облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн ыкчам маалыматы боюнча,  республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн –202,8 миң га  жыйналды, же жалпы аянттын 43,0 % түзүп, өткөн жылдын деңгээлинен-70,3 миң га көп. 

Анын ичинен буудайдын 100,5 миң га аянты, же 43,4% жыйналды, бул былтыркы жылдын денгээлинен 26,3 миң гектарга көп. Орточо түшүмдүүлүк 20,2 ц/га, же былтыркы жылдан 6,9 ц/га аз, буудайдын дүң жыйымы 202,7 миң тонна түзүп, былтыркы жылдан 1,9 миң тоннага аз болууда. Арпаны жыйноо 102,3 миң га аянтта жүргүзүлүп 42,8% жыйналды, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине карата 44,1 миң гектарга көп, орточо түшүмдүүлүк 13,9  ц/га түзүп, ал эми дүң жыйым 142,0 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылдан 12,7 миң тоннага аз.

Кылкандуу дан эгиндеринин эң жогорку түшүмдүүлүгү Жалал-Абад облусунда байкалууда, атап айтканда  буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан – 24,1 ц/га, (2022-жылы-26,3 ц/га болгон) – жана арпанын түшүмдүүлүгү-17,5 ц / га түзүүдө. Республиканын башка аймактары боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү Ош облусу боюнча орточо  – 20,3 ц / га, болсо, буудай  22,6 ц / га жана арпа 15,9 ц / га түзүүдө. Эң төмөнкү көрсөткүч  Чүй облусундагы  кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү 14,7 ц / га түзгөн, бул көрсөткүч (2022-ж – 23,9 ц/га болгон), же  өткөн жылга салыштырмалуу 10.7 ц/га аз болууда. Бул айырмачылык быйылкы жылы Чүй облусунда кургакчылык жана сугат суунун аз болгондугу, мындан тышкары бул аймакта дан  эгиндеринин басымдуу бөлүгү  кайракы жерлерде себилгени белгиленүүдө. Ошондой эле Чүй облусунун Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорудагы болуп өткөн  катуу жамгырдан кийин 2,0 миң гектардан ашык  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аянтарын мөндүр уруп кетип, өсүмдүктөрдүн түшүмүнө терс таасир тийгизген.

Source – https://agro.gov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.