2026-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районунундагы Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүнүн (Станциянын) кызматкерлери тарабынан карп-сазан балыгынын чабактарын Ысык-Көл көлүнө куйган дарыяларга коё берүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Туристтик-экологиялык милиция, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун илимий адистери, Тоң райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусунда өткөрүлдү. 

Иш-чаранын алкагында жалпысынан 800 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары Ысык-Көл көлүн балыктандыруу үчүн коё берилди. 

Алар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Караталаа айылы — 7 участок  200 миң даана;
  • Тоң айылы — 15 участок  200 миң даана;
  • Тосор айылы — 19 участок 200 миң даана;
  • 40 участок — 200 миң даана.

Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоо максатында жүргүзүлөт.

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.