«Ласточка» — эрте бышуучу, түшүмдүүлүгү жогору сорт. Мөмөлөрү калың эттүү, таттуу даамдуу болуп, жаңы колдонууга жана консервациялоого ылайыктуу. Бул сорт ооруларга салыштырмалуу туруктуу келип, ачык талаада да, күнөсканада да жакшы өсөт.

Эгер бадыраң, калемпир же помидордун өсүшү жайлап, бышуусу кечигип жатса, гумат калий менен бор кислотасын колдонсоңуз болот. Туура колдонулган учурда мөмөнүн жетилүүсү болжол менен 5–10 күнгө тездеши мүмкүн.

Эскертүү: Препараттарды өндүрүүчүнүн нускамасында көрсөтүлгөн өлчөмдө гана колдонуңуз.

Бул боюнча кеңири маалымат алуу, ошондой эле кызыктырган суроолор боюнча консультация алуу үчүн Департаменттин башкы агроному Нурубек Малабаевге кайрылсаңыздар болот.

📞 Байланыш телефону: +996 559 220 381

Маалымат булагы egov.kg

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.