Чүй облусунун фермери Руслан Миңбаев менен Нияз Даврашев Кыргызстандын тыт жана жүгөрү өстүрүү боюнча мыктылары болушту. Руслан Миңбаев тыттын (ежемалина) “Лох-Тей” сортун отургузуп, 2 га жер аянтынан 28 миң тонна түшүм жыйнаган. Ал эми фермер Нияз Даврашев болсо, жүгөрүнүн “Октябрь 70” сортун эгип, гектарынан 16,0 тонна түшүм алган.
Сиз дагы ушундай жетишкендикке жетип, киреше тапкыңыз келсе, анда өсүмдүктүн түрүн өстүрүп, багбанчылыкта чоң ийгиликтерди жараткан фермерлер 2025-жылдын 28, 29, 30 жана 31-январь күндөрү саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде өтө турган форумда кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар өсүмдүк өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет. Иш-чарада: 28-январда – өсүмдүк өстүрүү, 29-январда – мал чарбасы, 30-январда – кайра иштетүү жана экспорт багытында кызыктуу талкуу болот. Ал эми 31-январь күнү жыйынтыктоочу бөлүгү уюштурулат.
Source – https://agro.gov.kg
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: