Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айсулуу Тыныбекова финалчынын бирөөсү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттиги маалымдады.
Жарым финалдык жолугууда кыргызстандык спортчу индиялык Малик Сакшини 8:7 эсеби менен утуп кетти.
Сакши менен Тыныбекова 2016-жылкы Бразилияда өткөн Олимпиадада коло байге үчүн таймашта жолуккан, бирок биздин спортчу утулуп, жалпысы 5 орунга ээ болгон.
Эскертсек, XVIII Азия оюндарында 140 кыргызстандык спорчу катышат.
Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.
Spelling error report
The following text will be sent to our editors: