Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кыргызстандыктарга колдоо үчүн рахматын айтты.

«Кыргызстандыктардын колдоосу үчүн рахмат. Команданын оюнчуларына, машыктыруучуларына, медициналык, административтик штабка жана тиешелүү бардык тараптарга ыраазычылык билдирем. Биз жакшы иш жасадык. Тилекке каршы турнирден четтеп калдык”, – деди Крестинин.

Калыс Фу Минг боюнча Александр Крестинин “калыстын ишин талкуулабай” деп жооп берди:

«Калыстардын ишин талкуулабайм. Бизде аягына чыгаруучу жакшы учурлар болду. Албетте, алар үчүн өкүнүп жатабыз. Каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк адаштык. Бирок, бир нерсени билем – биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары алдыга жылабыз. Жалпы турнирдеги таасир жакшы. Мен биз мындан жогорку баага татыктуубуз деп ойлойм.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.