Бүгүн, 8-сентябрда ДКОнын серкетариаты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыктарын жарыялады. КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Туркия менен 2020-жылы кийинки көчмөндөр оюндарын өткөрүүсү макулдашылды.

Маалымат боюнча, оюндарды өткөрүү үчүн бюджеттен 303,1 млн сом сарпталган (2016-жылы 258,6 млн сом бөлүнгөн). ДКОнын жалпы баш байгесине 35 млн сом бөлүнгөн.

Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилип, 74 мамлекеттен келген 1976 спортчу катышты.

Кыргызстандык спортчулар 100 медаль (40 алтын, 30 күмүш, 30 коло) биринчи орунду ээледи. Экинчи орунда Казакстан — 69 медаль (16 алтын, 24 күмүш, 29 коло), үчүнчү Россия — 52 медаль (16 алтын, 11 күмүш, 25 коло).

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.