Кыргызстандык Ильзат Ахмедов Россиянын курама командасынды биринчи оюнун өткөрдү. Бул тууралуу россиялык футбол бирикмеси билдирди.

Эскертсек, 21-мартта Россиянын футболчулары Бельгиянын командасы менен жолугуп 3:1 эсеби менен утулуп калды. Ильзат Ахметов оюнду толук 90 мүнөт өткөрдү.

“Дүйнөнүн мыкты командалары менен ойногондо деңгээли көрүнөт. Биз аларга теңелип катаалсыз ойношубуз керек”, – деп Ахметов айтып берди.

Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте туулган. Кыргызстандык “Алгада” ойноп, 2009-жылы Россия көчүп кетип, жарандыгын алмаштырган. 2018- жылдан баштап “ЦСКА” клубунун негизги курамында ойнойт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.