КР президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин ьасма сөз кызматы билдирди.

Валентина Шевченко президент Сооронбай Жээнбековго жана бардык кыргызстандыктарга колдоосу жана жылуу тосуп алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, кайда гана болбосун ар дайым күч-кубат жана жеңишке болгон ишеним берип турган мекендештердин жалындуу колдоосун сезип турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлады, анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардактуу наамы ыйгарылды, Руслан Кыдырмышев жана Елена Шевченко Кыргыз Республикасынын энчилүү сааттары менен сыйланышты.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз. Ctrl+Enter.